Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 02 Апрель 2025 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 3-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин  төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат:

Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев,  Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Институт земледелия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана  Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү "Гагарин" жана "Түштүк-Батыш" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.