Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Даректер

Коом 19 март 2025 19:16
4741adba-d3cc-422f-8f33-1409f09bbcd4.jpeg
cc0a3dbb-4ddb-49b2-890c-c9329d47bdc8.jpeg
Алдыга
Артка
4741adba-d3cc-422f-8f33-1409f09bbcd4.jpeg
cc0a3dbb-4ddb-49b2-890c-c9329d47bdc8.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

  • темир жол тилкеси - М. Фрунзе көчөсү - Аламүдүн суусу - Панфилов көчөсү;
  • темир жол тилкеси - Матросов көчөсү - Горький көчөсү - Гвардейский көчөсү – Бектенов көчөсү - Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү - 7-апрель көчөсү.

Суу "Көк-Жар" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөрү айтылды.

Буга байланыштуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну эртелеп камдап алууну суранат.