Эртең Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты башталат

Спорт Загрузка... 22 Май 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26 /Кабар/. 23-26-май күндөрү Бишкек шаарындагы "Жаштык" аренасында көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка 19 өлкөдөн 200гө жакын гимнаст катышат.

"Учурда спортчулар келип, мейманкаларга жайгашып, машыгууларын жасап жатышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан бардык шарттар түзүлдү. Азия чемпионатын өткөрүүгө биз даярбыз. Эртеңден тарта иш-чаралар башталат", — деп белгиледи ал.

Маалым болгондой, мелдеш 21-жолу юниорлор арасында жана 17-жолу сениорлор арасында уюштурулуп, ага Азиянын бир катар өлкөлөрүнөн мыкты спортчулар катышат.

Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана башка мамлекеттер бар.

Эскерте кетсек, бул мелдештин өзгөчөлүгү Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына жолдомо берүүчү тандоо этабы болуп эсептелет.