Эрнест Жусупов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 07 Октябрь 2025 17:53
557641961_1210297811142943_549769143890191369_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Жусупов Эрнест Ысакович өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эрнест Жусупов 1982-жылы туулган. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Ал эми аскердик билимин 2016-жылы Россия ӨКМинин Жарандык коргонуу академиясынан алган.

Аскердик наамы: подполковник.

Буга чейин ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.

Сыйлыктары:

  • ӨКМдин "Мыкты аскердик кызматы үчүн" II даражадагы медалы - 2017-жыл;
  • ӨКМдин "Мыкты аскердик кызматы үчүн" II даражадагы медалы - 2023-жыл;
  • ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн медалы - 2022-жыл;
  • Жазаралды аткаруу кызматынын "Устат" медалы - 2024-жыл.