Эрмек Казаков Соцфонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 11 Ноябрь 2025 12:19
WhatsApp_Image_2025_oXMOGV1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Социалдык фонд

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Эрмек Казаков Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Бүгүн жаңы дайындалган орун басарды Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев эмгек жамаатына тааныштырды.

Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Эрмек Казаков өзүнүн эмгек жолун Социалдык фонддун тутумунда баштап, көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында жетектөөчү адистен тартып башкармалыктын начальнигине чейин жеткен.