Эрмек Арымбаев Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор
Эрмек Арымбаев Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектейт
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Арымбаев Эрмек Мукалыкович дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин ал ушул эле башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.