Эрмакан Дүйшөбаева Каракол шаарынын мэринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 27 январь 2026 10:00
Эрмакан Дүйшөбаева Каракол шаарынын мэринин орун басары болду
copyright icon УТРК Ысык-Көл

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Эрмакан Дүйшөбаева Каракол шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун жаңы дайындалган жетекчинин орун басары мэриянын аппаратына тааныштырылды.

Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев орун басарына ийгиликтерди каалап, шаардын жашоочуларына жоопкерчилик менен кызмат кылууга үндөдү.

Буга чейин Эрмакан Дүйшөбаева 9 жыл Түп районунун акиминин орун басарлык кызматын аркалап келген.