Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрлан Султангазиев байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эрлан Султангазиев 200 метр аралыкка болгон мелдеште күмүш медаль тагынды.
Кыргызстандын атынан чемпионатка 3 спортчу: Эрлан Султангазиев, Родион Туйгунов жана Рысбек Төлөмүшев барды. Команданы башкы машыктыруучу Олег Роганов жетектеди.
Белгиленгендей, Кытайдын Хефей шаарында 24–26-апрель күндөрү байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпионаты өттү. Бул ири мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн спортчулар катышты.