“Эркин-Тоо” мен үчүн кесиптик мектеп болду – Бактыгүл Кубатаева

Коом
“Эркин-Тоо” мен үчүн кесиптик мектеп болду – Бактыгүл Кубатаева
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. “Эркин-Тоо” гезитинде 27 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Бактыгүл Кубатаева басылманын ишмердүүлүгүнүн ар бир баскычынан өтүп, корректорлуктан жооптуу катчылык кызматка чейин жеткен. Ал бул жылдар аралыгында бир катар тажрыйбалуу журналисттер менен иштешкенин “Кабар” агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, окуусун аяктагандан кийин алгач корректор болуп жумушка орношкон.

“Корректорлук жумуш бизде башка гезиттерге салыштырмалуу өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бул кызматта ар бир сөзгө, ар бир тамгага кылдат мамиле кылуу керек. Ошол жерден көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба топтодук. Корректорлук мен үчүн чоң мектеп болду”, - деди ал.

Кийин “Нормативдик актылар” тиркемесинде иштеп, ошол эле учурда гезитке ар кандай темадагы материалдарды даярдап, жогорку мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн маектерди алып турган. 2021-жылдан бери гезиттин жооптуу катчысы кызматын аркалап келет. Бул кызматта ал кабарчылар менен иштешип, материалдарды гезит бетине жайгаштыруу, рубрикаларды даярдоо, тексттерди текшерүү жана басмакана менен байланышуу иштерине жооп берет.

Ал ошондой эле эмгек жолунда гезиттин бир катар тажрыйбалуу редакторлору менен иштешип, алардан кесиптик тажрыйба алганын белгиледи.

“Биздин гезитте ар кайсы мезгилде көптөгөн редакторлор эмгектенди. Алардын ар бири өз мектебин калтырды. Маселен, Талаабек Темиров, эл акыны Карбалас Бакиров менен бир бөлмөдө чогуу иштедик. Алардын баарынын эмгеги жана берген таалим-тарбиясы мен үчүн баалуу”, — деди Бактыгүл Кубатаева.