Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде көчөдө колдонулуучу электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Өндүрүш "Макс Свето Техника" бренди менен уюштурулду. Учурда 25 соттолгон адам пилоттук режимде окуудан өтүп, өндүрүш процессин өздөштүрүүдө. Цех толук кубаттуулукта иштей баштаганда 50гө чейин адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда.
Мекеменин аймагында мындан тышкары эмерек, чыпка, кепка, пластикалык терезе жана эшиктерди чыгарган цехтер, ошондой эле автоунааларды тейлөө борбору иштейт.
ЖАМКнын маалыматына ылайык, мындай өндүрүштөрдү кеңейтүү соттолгон адамдарды жумуш менен камсыз кылууга, кесиптик көндүмдөрдү жана эмгек тажрыйбасын калыптандырууга багытталган. Бул алардын жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин коомго аралашуусуна жардам берет.