Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстандык "Алайку Органикс" компаниясы Өзбекстандын ири дистрибьюторлорунун бири "Platinum Trade Group" менен дистрибьютордук макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Келишимге компаниянын продукциялары, анын ичинде "Шербет" бренди менен чыгарылган улуттук жана сергитүүчү суусундуктар Өзбекстан рыногунда тааныштырылгандан кийин кол коюлган.
Жакынкы аралыкта кыргызстандык продукциянын Өзбекстанга алгачкы экспорттук жеткирүүлөрүн уюштуруу пландалууда.
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Өзбекстан рыногунда илгерилетүү жана жергиликтүү бизнестин тышкы рынокторго чыгуусуна көмөк көрсөтүү иштерин улантууда.