Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусундагы ооруканалардын курулушу менен таанышты

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Апрель 2025 09:11
492255871_700713629022675_4644202648723636508_n.jpg
491478500_700713672356004_5189435338558954932_n.jpg
491800269_700713315689373_5371364593236509037_n.jpg
491841985_700713515689353_7341939144677414366_n.jpg
492013426_700713482356023_3270849656527396307_n.jpg
492410642_700713365689368_1625086215437565564_n.jpg
492551502_700713559022682_1653368151666009583_n.jpg
492559891_700713589022679_1298099103198398151_n.jpg
492641057_700713442356027_8053360250444195938_n.jpg
492957051_700713415689363_3199838037199928459_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов менен биргеликте жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында жетекчилер Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар медициналык объектилердин курулушу менен таанышты.

Министр жана депутат Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулуш иштери менен жеринде таанышты. Белгилүү болгондой, бул объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 223 млн сомго чукул каражат бөлүнгөн. Жаңы имарат 2025-жылдын 31-августунда пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Андан соң Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, төрөт үйүнүн базасында курулуп жаткан жаңы перинаталдык борборду көрүп чыгышты.

75 орунга ылайыкташтырылган бул борбор заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда.

Сапардын жүрүшүндө жетекчилер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курула турган 7 кабаттуу жаңы имарат үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп, долбоору менен таанышышты.