Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Швециянын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуу Даниянын Копенгаген шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 75-сессиясынын алкагында өттү.
Тараптар санариптик саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Анын ичинде нормативдик-укуктук базаны өнүктүрүү, киберкоопсуздукту камсыздоо жана саламаттык сактоодо жасалма интеллектке негизделген чечимдерди колдонуу маселелери каралды.
Министр диалогду улантууга даяр экенин белгилеп, швед кесиптештерине ачык диалог жана тажрыйба алмашууга болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ДССУ – бул саламаттык сактоо тутумдарын чыңдоо максатындагы эл аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аянтчасы болуп саналарын белгиледи.