Эрдоган президентти жана кыргыз элин айт майрамы менен куттуктады

Президент Загрузка... 20 Март 2026 12:40
655332475_1504688054999157_4791130689791730611_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Бул ыйык майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, ден соолук жана бакубатчылык алып келсин деген тилектерим менен бирге, биздин тилектештигибиз менен биримдигибиз мындан ары да бекемделүүсүн Жараткандан тилеймин.

Өз элимдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми достош жана боордош Кыргызстан элине бакубат жашоо, гүлдөп-өнүгүү жана өсүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.