Эрденет Касымов Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 12 Март 2025 16:14
image_5QovjRm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Экономика жана соода министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Күн мурун Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Туризм департаментинин жамаатына жаңы директор Эрденет Касымовду тааныштырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Касымов Эрденет Жыргалбекович 1993-жылы 21-октябрда туулган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча бакалаврды аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

2011-2013-жылдары А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде – Студенттик кеңештин координатору.

2014-жылдын январынан апрелине чейин - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу жана топтоо пенсиялык фонддорун өнүктүрүү бөлүмүндө стажировкадан өткөн.

2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын апрель айына чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык көмөктөшүү департаментинин стажёру.

2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын октябрына чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам департаментинин мамлекеттик инвестициялар программалары бөлүмүнүн адиси- Эл аралык кызматташтык дирекциясынын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу бөлүмү.

2019-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти кызматында.

2022-жылдын октябрынан декабрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.

2023-жылдын январынан тартып - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн улук эксперти.