Альберт Махметкулов билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 18 Март 2025 23:20
5388896626388626232.jpg
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси менен Махметкулов Альберт Дамирбекович билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, ал бул позицияда башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү тармагын, ошондой эле илим тармагын тескейт.