Эр-Рияддан Бишкекке: Нооруз майрамындагы жылуу каалоолор

Президент 21 март 2026 17:30
Эр-Рияддан Бишкекке: Нооруз майрамындагы жылуу каалоолор
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Чын дилден куттуктоолорубузду жолдоп, сизге чың ден соолук жана бак-таалай, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүүнү жана өсүүнү каалайбыз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле өзүнүн куттуктоосун мураскор ханзаада, Сауд Аравиясынын министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да жөнөткөн.