Эр-Риядда Сауд Аравия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлери жолукту

Экономика Загрузка... 25 Февраль 2025 15:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов IDR Business Consultancy компаниясы уюштурган Борбор Азия жана Сауд Аравия өлкөлөрүнүн ишкерлер жолугушуусуна катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Сауд Аравия жана Россиянын ишкерлери жана компания жетекчилери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты аталган өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосунда байланыштарды түзүү, В2В жолугушууларды өткөрүү жана чакырылган конокторду аталган мамлекеттердин инвестициялык дарамети менен тааныштыруу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Марипов сөз сүйлөп, Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Өз сөзүндө элчи 2025-жылдын жайында Бишкекте өтө турган “Борбор Азия жана Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн” экинчи инвестициялык Форуму тууралуу маалымат берип, чет өлкөлүк ишкерлерди республиканын инвестициялык потенциалы менен таанышуу жана В2В жолугушууларды өткөрүү максатында аталган маанилүү иш-чарага активдүү катышууга чакырды.