Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Энергетиктер былтыркыга салыштырмалуу быйыл көбүрөөк иш бүткөрүшү керек. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Электр тармактар ишканаларынын жетекчилери менен онлайн форматында өткөргөн жыйында айтты.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө министр 2025-жылга коюлган пландарга жана алардын аткарылыш мөөнөтүнө, курулуш иштерине, бюджет, тариф, маселелерине токтолду. Ошондой эле Электр тармактар ишканасынын быйылкы жылга коюлган ар бир планы өз убагында аткарылуусу керектигин тийиштүү жетекчилерге эскертти.
“Энергетиктер былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылы көбүрөөк иш бүткөрүшүбүз керек. Долбоорлорду ишке ашырып, обьектилерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аба ырайы жылыса энергетикалык жабдууларды, аба чубалгыларын жаңылоо, акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери эртерээк башталсын. Тармакка жумшалган акча каражаты сарамжалдуу пайдалансын.
Сатып алына турган трансформатор, техника, аба чубалгылары мөөнөтүндө алынсын. Тарифти көтөрүү менен акыркы эки жылда энергетика тармагына жаңы атайын техникалар, трансформатор, көмөк чордондор, аба чубалгылары жана башка керектүү жабдуулар сатып алынды. Мына ошонун себебинен жоготуулар азайды. Жакында жаңы тариф ишке кирсе, андан түшкөн каражаттар дагы энергетика тармагын жаңылоого, кубаттуулукту көтөрүүгө жумшалат. Бул тууралуу дагы коомчулуктан түшкөн суроолорго түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө” - деди министр.
Белгилей кетсек, жыйындын аягында “Кыргызстан улуттук электр тармактар” ААКнын жетекчилигине аткарыла турган ар бир ишти көзөмөлгө алуу тапшырылды.