Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлиги бир нече жылуулук-электр станцияларын (ЖЭС) куруу долбоорлорун жигердүү иштеп чыгууда. ЖЭСтерди көмүр кендеринин жанына куруу пландалууда. Биринчи кезекте сөз Кара-Кече тууралуу болуп жатат, бирок мындай генерациялоочу кубаттуулуктарды башка аймактарда да ишке киргизсе болот.
Эксперттер белгилегендей, заманбап көмүр станциялары "жашыл күн тартибине" толук жооп бербесе да, алар жетиштүү деңгээлде экологиялык жактан таза жана жыл мезгилине, аба ырайына карабастан кубаттуулукту берүүгө жөндөмдүү. Бул климаттын өзгөрүшү жана күтүлүп жаткан суунун тартыштыгы учурунда абдан маанилүү фактор болуп саналат.

Гидростанциялар бары бир сезонго көз каранды: жайында мөңгүлөр көп эригенде жетиштүү энергия берет, бирок кышында өлкөдө керектөө бир нече эсе өскөндө, тоо дарыялары соолуп, ГЭСтерде электр энергиясын иштеп чыгуу төмөндөйт. Мындан тышкары, суук мезгилде Токтогул суу сактагычынын ресурстарын сактоо зарылчылыгы барган сайын актуалдуу болуп жатат. Бул бир гана Кыргызстанга эмес, коңшу мамлекеттерге да тиешелүү болгон айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугунун маселеси.

Адистердин пикири боюнча, ЖЭСтердин атаандаштык артыкчылыгы — аларда иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк наркы алгылыктуу. Ошондуктан, алардын көмүр кендерине жакын жайгашуусу абдан маанилүү. Борбор Азиянын суу жана энергетикалык ресурстар боюнча эксперти Эрнест Карыбеков "Кабар" агенттигине берген комментарийинде бул процесс кандай түзүлөрүн айтып берди.
"Мындай объектилерде көмүрдү түздөн-түз жылуулук станциясына жеткирүү үчүн аралашма өткөргүч түтүктү колдонууга болот. Мамлекеттик кенден отун номиналдык баада түз эле от казандарга берилип, чыгымдар минималдаштырылганда, электр энергиясынын өздүк наркы болжол менен бир сомду түзүшү мүмкүн. Эгерде Кыргызстанда мындай бир нече ЖЭС болсо, анда өлкө кубаттуулук боюнча чоң коргоочу запаска ээ болот. Бул бардык ички муктаждыктарды жабууга, өнүгүү үчүн потенциалды сактоого жана кышкы мезгилде Токтогул суу сактагычынын ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бир нече ЖЭС өлкөнүн ичинде толук кандуу энергетикалык шакекчени түзөт, ал Борбор Азиянын бириккен энергия системасы менен синхрондошот. Кыргызстан үчүн бул абдан жакшы вариант. Жылуулук станцияларында бир киловатттын өздүк наркы бир сомдун тегерегинде, ал эми Токтогул ГЭСтер каскадында суу толгондо 25 тыйындын тегерегинде болсо — бул абдан пайдалуу баа жана мамлекетке, калкка жана бизнеске пайда алып келет. Биз энергияны чоң запас менен алып, калктын өсүп жаткан суроо-талабын жана өнөр жай секторун өнүктүрүүнү камсыздай алабыз.
Ошону менен бирге, мен бир башкы шартты бөлүп көрсөткүм келет: мунун баары мамлекеттин колунда болушу керек — бул көмүр кендери жана генерациялоочу кубаттуулуктар. Стратегиялык сектор өлкөнүн кызыкчылыгында иштеп, өкмөт тарабынан башкарылышы зарыл. Бул бизге энергетикалык коопсуздукту гана камсыз кылбастан, экономикалык потенциалды ишке ашырууга да мүмкүндүк берет", - деди Карыбеков.