Энергетика министрлигине атайын техникалар тапшырылды

Министрлер кабинети 23 Январь 2026 13:03
69731b03afc8f-thumb.jpeg
69731b09aa438-thumb.jpeg
69731b09cee88-thumb.jpeg
69731b054bf9c-thumb.jpeg
69731b061ac69-thumb.jpeg
69731b066eb5a-thumb.jpeg
69731b068abbc-thumb.jpeg
69731b073c933-thumb.jpeg
69731b091b249-thumb.jpeg
69731b0531cc5-thumb.jpeg
69731b0778d30-thumb.jpeg
69731b0787c09-thumb.jpeg
69731b03876de-thumb.jpeg
69731b04445e7-thumb.jpeg
69731b07050d0-thumb.jpeg
69731b083906a-thumb.jpeg
69731b089307b-thumb.jpeg
69731b0441629-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69731b03afc8f-thumb.jpeg
69731b09aa438-thumb.jpeg
69731b09cee88-thumb.jpeg
69731b054bf9c-thumb.jpeg
69731b061ac69-thumb.jpeg
69731b066eb5a-thumb.jpeg
69731b068abbc-thumb.jpeg
69731b073c933-thumb.jpeg
69731b091b249-thumb.jpeg
69731b0531cc5-thumb.jpeg
69731b0778d30-thumb.jpeg
69731b0787c09-thumb.jpeg
69731b03876de-thumb.jpeg
69731b04445e7-thumb.jpeg
69731b07050d0-thumb.jpeg
69731b083906a-thumb.jpeg
69731b089307b-thumb.jpeg
69731b0441629-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. 

Белгилей кетсек, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана модернизациялоо планына ылайык, JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КАМАЗ—43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа сатып алынган.

Жалпы 37 бирдик атайын автотранспорт каражатынын суммасы 145,8 млн сом. 

Минкаб төрагасы энергетика тармагын өнүктүрүү  мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясы боюнча координалдуу курулуштар жүргүзүлүп жана ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. 

“Кыргызстандын энергетика тармагы жылдан жылга жакшырууда, техникалык жактан да күчтөнүп, гидрокубаттуулуктар жаңыланууда. ГЭСтер модернизацияланып, агрегаттары алмаштырылып, иштөө өмүрү узарууда. Бул сиздердин эмгек. Акыркы жылдары жүздөгөн атайын жана кызматтык техникаларды сатып алып жатабыз. Энергетикадагы жакшы иштер улантылат деп ишенем. Бүгүн да сиздерге жаңы техникаларды тапшырдык. Бул техникалар элибизге, мамлекетке кызмат кылсын”, — деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Кошумчалай кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына жалпы 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатып алынган.