Энергетика: кышка сынак - өткөндөн сабак

Аналитика Загрузка... 15 Ноябрь 2025 11:55
NazarNews_203557153869859862473253098060098142412.jpg
copyright icon WWW

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Кыргызстан быйылкы кышкы суукка өзгөчө даярдык көрүүдө. Өлкө жетекчилиги электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай, калкты жарык менен толук камсыз кылууну максат кылууда. Токту көп жеген майнинг фермалар убактылуу жабылып, мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерге электр энергиясын үнөмдөө чаралары киргизилди. Энергетикадагы абал, кышка даярдык жана мурдагы катачылыктардан алынган сабактар тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-ноябрдагы брифингде түшүндөрмө берди. Ал энергетикадагы капсалаң тууралуу айткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарын жокко чыгарып, анын башкаруусундагы жана азыркы кездеги тармактагы абалды салыштырып, реалдуу өзгөрүүлөрдү так сандар жана таамай аргументтер менен белгилеп өттү.

Атамбаевдин учурундагы менен азыркы кездеги керектөө – асман менен жердей

Министр Таалайбек Ибраев белгилегендей, кургакчылык мезгилинин айынан суу аз топтолуп, Токтогул каскадында энергетикалык кубаттуулукту күчтөндүрүү оңойго турган эмес. Ал эми соңку үч жылда калктын саны бир топ өсүп, калктуу конуштарга электр энергиясы тартылып, жаңы абоненттер көбөйүп, улам жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылып, электр энергиясына болгон керектөө 6 млрд КВт саатка көбөйгөн. Анткени, 2014-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон керектөөсү 14 млрд КВт саатка барабар болсо, азыр керектөө 21 млрд КВт саатка жетти.

“Жанагы кеткен президент “менин учурумда мындай болгон, андай болгон” деп айтып жатпайбы. Бирок, графикти карайлы. 2017-жылга карата суу сактагычта 19 млрд куб топтолгон. Ал эми Токтогул суу сактагычы 19,5 млрд сууну батыра алат. Мына ошондой пикке чыгып, анан кийинки жылдары табигый кургак мезгил башталып, суунун топтолушу улам азайып отурган. Мына ошол көп суу топтолгондо колдонуп калыш керек болчу. Бирок, андай болгон эмес. Энергетиканы ошол мезгилде аны түшүнбөгөн, кесиби боюнча зоотехник, финансист, фармацевт башкарып турган. Ошол убакта электр энергиясын өндүрүп, башкаларга берип, анан суу азайган мезгилде кайра ала турган ыкманы колдонсо болмок. Анын ордуна тигил жетекчилер суу сактагычтагы сууну курулай коё берип турушкан”, – дейт Таалайбек Ибраев.

7

Министр Атамбаевдин башкаруусу маалында жаңыдан ГЭС курулбай, энергетикалык коопсуздук саясаты кагаз бетинде гана калганын белгиледи. Азыр жүрүп жаткан иштер ошондо башталса кана!.. Ал кезде мына ошол шардана болгон долбоорлор боюнча иштер ордунан жылбай, кесиби башка эле кишилерди оор тармакты жетектөөгө дайындаган жоопкерчиликсиз кадр саясатынын айынан инвестициялык келишимдер жокко чыгып, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо кечеңдеп, өлкө алтындай убактысын бекерге жоготкон.

Ал эми соңку төрт жылда Токтогул суу сактагычында суу азыраак топтолгонуна карабай, электр энергиясына болгон керектөөнү жабуу үчүн өлкөдө ондогон чакан ГЭСтер курулуп, көптөн бери бүтпөй келгендери ишке берилди. Келип чыккан энерго таңкыстыкты чечүү үчүн соңку үч жылда Токтогул ГЭСтер каскадынын төрт агрегаты жаңыдан алмашылып, алар 240 мегаватт кошумча кубат бере баштады.

Эгерде Кыргызстанда буга чейин 3400 МВт электр энергиясы иштелип чыкса, биз азыр 2600 МВт кубаттуулукка техникалык талаптарды берип, туташтырдык. Анын баары каяктан келип жатат? Электр энергиясына керектөө 2014-2015-жылдары бир топ аз болгон. Биз соңку үч жылдын ичинде 33 090 жаңы абонентке электр энергиясын бердик” – дейт министр Таалайбек Ибраев.

Атамбаевдин ишке ашпаган жана ири коррупция коштогон долбоорлору

1.png

Атамбаевдин бийлиги кезинде 2012-жылдын 20-сентябрында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрү Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча Бишкекте эки ири макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Жогорку Нарын каскадын “Русгидро” компаниясы, Камбар-Ата-1 ГЭСин россиялык "ИнтерРАО ЕЭС" корпорациясы курмак. Жогорку Нарын каскаддын кубаттуулугу – 700 МВт, Камбар-Ата-1 ГЭСиники долбоор боюнча 1860 МВт болмок. Каскадды курууга 430 млн доллар, ал эми ГЭСке 1,7 млрд доллар насыя каралган. Бирок, бул долбоорлор 4 жыл бою ордунан жылбай, 2016-жылы келишимдер жокко чыгарылган.

2.png

Ошол учурда суу сактагычта суунун топтолушу жогору болуп турган. Бирок сууну ошол кезде колдонуп калып, электр кубаттуулугун өндүрүп чыгарып, аны запаста кармоо саясаты болгон эмес. Анын ордуна Атамбаевдин учурунда Казакстандан КВт саат электр энергияны 5 сомдон алып, калкка 0,77 тыйындан сатып келген. Ортодо 4 сом 23 тыйын айырма энергетика тармагына жүктөлүп, 137 млрд сом карыз чогулган.

399343_CuvrVJB.2e16.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

2020-жылдан баштап бул тармакта реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схема, уурулук, коррупцияны жоюунун, электр энергиясын жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 млрд карызды азайтып олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк.

Кудай буюрса, келерки жылы толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыгат. Бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздыгыбыз үчүн чоң жетишкендик.

Мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле. Муну 5-класстын баласы деле жасай алат. Мен бул жолду тандабадым. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок” – деди президент Садыр Жапаров 10-ноябрдагы кайрылуусунда.

Ал учурда азыр колго алынып, курулган ондогон чакан ГЭСтерден, энергиянын кайра жаралуу булактары болгон шамал жана күндөн кошумча энергия өндүрүү тууралуу сөз да жок болчу.

“Ошол убактарды карап көргүлөчү, бир ГЭС курулду беле? Жок. Бир дагы ГЭС курулган эмес. Болгону 2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты курулган. Ошондон бери бир дагы энергокубаттуулук берчү ГЭСтин курулушу болгон эмес. Азыр бизде Токтогул ГЭСинин төрт агрегаты жаңыдан алмашылып, сыноодон өткөрүлүп, жакында ишке берилип, тармакка кошулду. Ар бир агрегат 60 МВттан электр энергиясын иштеп чыгарууда. Мурда Токтогул ГЭСи 1200 МВт берип келсе, азыр ага 240 МВт электр энергиясы кошулду", - дейт министр Ибраев.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы токту алып өткөн электр чубалгыларын туташтырган “Датка-Кемин” электр линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилген. Аны жана Бишкек ЖЭБин оңдоо долбоорун Алмазбек Атамбаев өзүнүн башкаруусу учурундагы эң ири жетишкендиги катары баалаган жайы бар. Бирок, бул эки долбоордун бири боюнча чоң коррупциялык чатак чыгып, бир катар жетекчилер камалып, коомчулукка дүрбөлөң салганы белгилүү.

3.png

Ошол эле кезде 2010-жылы эки көмөк чордону жана 1200 МВт кубаттуулуктагы жана узуну 405 чакырым “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын долбоору башталган. Бул энергетикалык шакекче Борбор Азиялык электр тармагынан өз алдынча линия катары өлкөнүн энергетикалык көз каранды эместигин камсыздай турганы айтылган. Бул долбоорго 389 млн доллар насыя жумшалган. Ал эми Бишкек ЖЭБин жаңылоого 386 млн доллар насыя алынып, комиссия 111 млн доллар максатсыз жумшалганын аныктаган. 2018-жылы кышта жабдуулары суукка туруштук бере албай, ЖЭБдин эски блогунда авария болгон. Буга байланыштуу Алмаз Атамбаев мурда премьерликке койгон Сапар Исаков баш болгон бир топ кызмат адамдары камакка алынган.

Майкандаган майнинг фермалар токтотулду

Өткөндүн катачылыктары — бүгүнкүгө сабак. Энергетика тармагын башкарууда так жоопкерчилик жана ачыктык зарыл экени айгине. Бүгүнкү күндө өкмөт энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бир нече чечкиндүү кадамдарга барды. Электр тогун көп сарптаган майнинг фермалардын иши жазга чейин токтотулду. Мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерде, менчигинин түрүнө карабай, бардык ишканаларда түнкүсүн электрди үнөмдөө тартиби киргизилди. Ал эми жеке сектордо - калк үчүн берилүүчү электр кубаттуулугу - убактылуу 5 киловатттан 3 киловаттка чейин кыскарды. Бул чаралардын максаты — өлкөнүн ички керектөөсүн тең салмактап, системага оорчулук келтирген ашыкча жүктөмдөн сактоону көздөйт

"Кыргызстандын аймагында март айына чейин бир дагы майнинг фермалар иштебейт. Эгерде кимдир-бирөө майнинг фермасын тармакка кошконго аракет кыла турган болсо, катуу жазага тартыласыңар. Мындан сырткары бардык министрликтер, ведомостволор, мамлекеттик мекемелер, ишканалар кечки саат алтыдан соң электр энергиясын өчүргүлө. Себеби кээ бир мамлекеттик мекемелерде түнкүсүн дагы кондиционерлер иштеп, кээ бирлеринде электр жарыгы таң аткыча күйүп турат экен", – деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

5

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, акыркы үч жылда чакан жана орто ГЭСтердин курулушу жанданып, аймактардагы кубаттуулук бекемделүүдө. Жаңы технологиялар киргизилип, электр тармактарындагы жоготуулар азайып, энергиянын туруктуулугу жогорултылды.

Энергетикалык коопсуздук — бул жөн гана техникалык маселе эмес, улуттук стратегиялык багыт. Өткөндөн сабак алып, бүгүнкү системалуу кадамдар өлкөнү көз карандысыз энергетикалык келечекке жетелеп баратат. Бул кыш — тармактын туруктуулугун жана реформага болгон ишенимди сынай турган маанилүү учур.