Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Коом Загрузка... 18 Март 2025 17:02
WhatsApp Image 2025-03-18 at 16.24.51.jpeg

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 35 бөлүмдүн онунда ремонт иштери аткарылууда. Ондогон жылдардан бери алмаштырылбай келген суу түтүктөрү, жылуулук системасы, лифттер жаңыртылат.

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бейтаптар башка бөлүмдөргө жаткырылып, дарыгерлер медициналык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүдө.

Ооруканадагы оңдоо иштери аяктаса, заманбап жабдуулар менен жабдылып, эне жана балага көрсөтүлө турган медициналык кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогоруламакчы.