Эне кандай учурда балдарына зомбулук кылат? Себептери жана кесепеттери

Коом Загрузка... 04 Декабрь 2025 18:35
Malchik-zakryvayet-litso-1024x685.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Күн мурун социалдык тармактарда өз балдарын сабап жаткан эненин видеосу тарап, көп өтпөй ал милиция тарабынан кармалды. Окуя Сокулук районунда катталып, тергөөдө аял үч айдан бери күйөөсү менен пикири келишпей жүргөнү, андан өч алуу максатында балдарын сабаганы белгилүү болду. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, эне убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Мындай окуя коомчулукта биринчи жолу болуп жаткан жок. Балдарга ата-энеси же кайсы бир жакындары тарабынан зомбулук көрсөтүлгөн учурлар мындан мурда да бир нече жолу катталып, ар дайым коомдо талкуу жаратып келет.

Акыркы окуя да социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, бир тарап балдарына кол көтөргөн энени жектесе, экинчи тарап балдарды багуу жоопкерчилигинен качкан атаны сынга алышууда.

"Бул окуя боюнча эненин балдарды ур-токмокко алганы гана эмес, “аларды өлтүрүп, өзүм да өлөм” деген видеосу адам өлтүрүүгө аракет кылуу катары каралып, аны энелик укугунан ажыратууга негиз болушу мүмкүн. Муну “аффект абалы” же жөн гана коркутуу деп эсептөө мүмкүн эмес. Келин баарын пландап, өз аракеттерине отчет берип, видеону орнотуп анан жаздырган.

Ажырашып кеткен жарандар көп учурда бири-бирине болгон таарынычын балдарынан чыгарышат. Бирок балада эмне күнөө?”,-деп белгиледи адвокат Эсения Рамазанова.

“Ал эми ата бул жерде алимент төлөө боюнча гана жоопкерчиликке тартылбаса, үй-бүлөнү таштап кеткени же балдардын жоопкерчилигинен качканы кылмыш катары каралбайт. Бул жарандык жана үй-бүлөлүк кодекс менен жөнгө салынат. Мыйзамга ылайык, ата менен энеге балдарды багууда бирдей милдеттер каралган. Кыргызстанда ажырашуу фактылары көп болсо да, ар бир учурда балдарга зордук-зомбулук көрсөтө берген туура эмес”,-деп түшүндүрдү ал.

Ал эми Кыргыз психоаналитикалык ассоциациясынын мүчөсү, тажрыйбалуу психолог Гүлнара Малабаева бул окуядагы келиндин психо-эмоционалдык абалы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

“Бул учурда аял күйөөсүнө болгон таарынычын, ызасын, ачуусун, жалгыз калуу, өч алуу, баарына жалгыз жоопкерчиликтүү болуу сыяктуу сезимдерин чогултуп келип, эң коопсуз, өзүн-өзү коргой албаган объекттен, атап айтканда, балдардан чыгарган. Булар аныкталбаган сезимге кирет. Ошол эле маалда эне депрессиялык абалда болгон. Ал эми муну акыркы кадам же чегине жеткендеги эмоционалдык өтө катуу жарылуу десе болот.

Мындай учурларда сунуштала турган тез жардам ыкмалары же дем алуу практикалары бар. Терең дем алып, бир аз тыным алып демди кайра чыгарганда – мээ бир аз эс ала түшөт. Мында адам фантазиядан же агрессивдик-эмоционалдык абалдан чыгып, реалдуулукка кайтат.

Андан сырткары, өзүн кармай албай жатса эшикке чыгып кетүү сунушталат. Психикага тыным берип, өзүнүн сезимдерин аныктоо зарыл. “Азыр ачуум келип турат. Балдарга кол салышым мүмкүн” дегенди ажыратып байкоосу керек. Себеби, ага карама-каршы абалга кирип, “мен буларды төрөгөм уруп-согууга акым бар” дешибиз мүмкүн. Биз балдарды зомбулук көрсөтүү максатында жарык дүйнөгө алып келбейбиз да”,-деди ал.

Ошондой эле психолог эне эмоционалдык жактан абдан кыйналып турганда сөзсүз жакындарынан жардам сурап, апа, эже-сиңди, кошуна ж.б. кайрылуусу зарыл экендигин белгиледи.

“Биздин коомдо аял кишилерге идеалдуу аял, идеалдуу апа же идеалдуу келин болуш керек, баарын көтөрүш керек, чыдамкай болуш керек деген абдан чоң басымдар бар. Бул туура эмес. Себеби, жолдошу менен ажырашып же кандайдыр бир себептер менен жалгыз калган, баласын жалгыз тарбиялап жаткан энелер абдан көбөйдү. Көп учурда мындайда балдар апасы менен калат. Ал эми мындай энеге сөзсүз түрдө жакындарынын же курбу-курдаштарынын колдоосу, жардамы керек. Ошол эле маалда аял балдарым үчүн баарын жасайм, идеалдуу болом деп өзүн унутуп калганы туура эмес. Себеби, психологиялык ресурс чектелүү нерсе болуп саналат. Ал түгөнгөндө биз жогоруда күбө болуп жаткандай окуялар катталат. Себеби, бул келинде ал ресурс түгөнүп, ачуусун балдарынан чыгара баштаган.

Ал үчүн жок дегенде өзүнө жарым сааттан убакыт бөлүп, тынч отуруу, сууга түшүү, сейилдөө же кимдир-бирөө менен сырдашып, ичиндегисин бөлүшүү туура. Себеби, балдар аябай көп күч-кубатты талап кылышат.

Ал эми "идеалдар" Олимп тоосунда жашашат. Биз анын мифология экендигин билебиз. Ошондуктан идеал деген сөз жок, жетиштүү деңгээлдеги жакшы апа деген гана түшүнүк бар. Андан башкасы зарыл эмес. Канчалык мен буларга көрсөтөм, далилдейм же баламды жогорку деңгээлде багам деген сайын ресурс бат азайып, тескерисинче анын залакасы балага тийиши мүмкүн.

Көзгө жаш толуп, жүрөк ылдам согуп, эмоция көбөйүп баратканда тыным алуу зарыл. Ар күнү бир убакта, эртерээк жатканга аракет кылуу, туура тамактануу, (таптакыр тамак жебей койгон туура эмес), үй жумуштарын бөлүштүрүү. Жардам суроо алсыздык эмес. Эң башкысы - өзүңдүн жана балдарыңдын амандыгы”,-деп кошумчалады психолог.