Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Абердин-ангусстукумундагы салмагы 1 тоннага чейин жеткен букаларды 500 миң сомдон сатып чемпион-фермер аталган Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылынан келген фермер Урмат Исламбеков “Кабар” маалымат агенттигине өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүштү.
Ал сөзүн “эмгектин акыбети албетте кайтат” деген пикир менен баштады.

“Биздин чарба 3 жылдан ашык убакыттан бери букаларды, уйларды багып-сатуу менен алектенебиз. Асыл тукум бал багууга өткөнгө чейин өзүбүздүн жөнөкөй букаларды байлап сатып ишмердүүлүк кылчубуз. Ошол кезде тоюттардын кымбаттыгына байланыштуу жылдык кирешебиз ар бир баштан орточо эсеп менен 40 миң сомдон түшүп турду. Тоютун, багуусун эсептегенде бул байкалаарлык киреше эмес эле. Ошондо 2023-жылы кантип пайдага чыгабыз деген ой болуп, “Айыл банктан” 6 пайыз менен лизинг аркылуу каражат алып, 34 баш абердин-ангус тукумундагы уйларды сатып алып ишкердикти жаңы нукта баштадык. Азыркы учурда бир жылда бир уйдан чыгашаларын алып салганда жылдык киреше 100 миң сомдон ашат”,- деди Исламбеков.

Фермердин айтымында, мал багууда түйшүк бирдей, бирок ошол эле учурда асыл тукум мал жөнөкөй малга салыштырмалуу көп киреше берет.
“Биз эт багытында эмес өндүрүүчү катары ишмердүүлүк кылабыз. Негизи малдын башын 100гө чейин жеткиргенбиз. Азыркы учурда 60 баштан ашык малыбыз бар. Асыл тукум малды көбөйтүп жергиликтүү элге, биздей болуп асыл тукум мал багам дегендерге сатабыз. Быйылкы жылы 6 айлык эркек музоолорду 140 миң сомдон саттык. Ал эми 18 ай, 2 жашка чамалап калгандарын 215 миң сомдон бааладык. Эң жогорку көрсөткүч катары бир буканын салмагы 1 тоннага чейин жетти. Ушундай салмактагы 2 жаш буканы 500 миң сомдон саттык. Ал эми биздин жөнөкөй букалардын семиздеринин салмагы 600-700 кг болот. Асыл тукум эки эсе көп салмакта болгондуктан, этти да ошондой берет. Биздин асыл тукум эмес букалар суткасына 600 граммдан салмак кошсо, булар суткасына эң көп дегенде 1 кг 800 граммга чейин салмак кошушат”, - дейт ал.

Каарманыбыз уйлардын тоютуна өзгөчө көңүл бураарын, жем-чөбүн алдын ала камдап алаарын маалымдады.
“Тоют боюнча айтсак, бул уйлар көп деле колду карап жем-чөп сурабайт. Жайкысын жайлоого чыгарса да болот. Биздин өзүбүздүн тоют базабыз бар. Жылда силос даярдап алып, кышы бою ошол силосту берип чыгабыз. Андан тышкары, жем үчүн буудай, арпа сыяктуу дан өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Бул тукумдагы уйларды өлкөнүн бардык аймактарында тоодо же түздүктө бакса болот”,- деди фермер.
Фермер Урмат Исламбеков келечекте чарбасын кеңейтип, бул тукумдагы уйлардын санын 200-300 башка жеткирүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү өтүп жаткан “Агродиалог” форумунда мал чарба багытында республика боюнча 20 чемпион-фермер аныкталган. Асыл тукум мал багууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен Урмат Исламбеков бул чемпион-фермердин бири катары аталган форумда өз тажрыйбасы менен бөлүштү.