"Элита” асыл тукум станциясынын жабдуулары толук модернизацияланды

Коом 02 Июль 2026 12:55
735687837_122182963820762464_3206559292078974603_n.jpg
735157488_122182963802762464_9133997080753955441_n.jpg
737543893_122182963736762464_2324382705245603085_n.jpg
738335377_122182963790762464_9058849965897057531_n.jpg
735044237_122182963778762464_7567027537306194791_n.jpg
735028175_122182963832762464_2172975468726625730_n.jpg
Алдыга
Артка
735687837_122182963820762464_3206559292078974603_n.jpg
735157488_122182963802762464_9133997080753955441_n.jpg
737543893_122182963736762464_2324382705245603085_n.jpg
738335377_122182963790762464_9058849965897057531_n.jpg
735044237_122182963778762464_7567027537306194791_n.jpg
735028175_122182963832762464_2172975468726625730_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ветеринардык кызмат

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Сокулук районунун Сарбан айылындагы “Элита” мамлекеттик асыл тукум станциясында суюк азот өндүрүүчү жабдуулар толук модернизацияланды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор КОРIA борбору менен биргеликте ишке ашырылды.

Жүргүзүлгөн оңдоо жана жаңылоо иштеринин натыйжасында станциянын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулап, кызматкерлер үчүн коопсуз жана заманбап эмгек шарттары түзүлдү. Ошондой эле өлкө боюнча жасалма уруктандыруу кызматтарын көрсөтүү үчүн зарыл болгон суюк азотту үзгүлтүксүз өндүрүү жана жеткирүү мүмкүнчүлүгү бекемделди.

“Суюк азот жасалма уруктандыруу системасынын негизги компоненти болуп саналат. Ал –196 градус температурада асыл тукум букалардын уруктарын узак мөөнөткө сапатын жоготпой сактоого мүмкүндүк берет. “Элита” мамлекеттик асыл тукум станциясы Кыргызстандагы жасалма уруктандыруу кызматтарын көрсөткөн негизги борборлордун бири болуп эсептелет", - деп айтышты кызматтан.

Белгилей кетсек, былтыр республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүнүп, 200 миңден кем эмес уй жана кунаажынга жасалма уруктандыруу жүргүзүү пландалган. Бул максатта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Швейцария жана Россиядан жогорку генетикалык сапаттагы букалардын уруктарын сатып алган.

Учурда өлкө боюнча фермерлер “Симментал”, “Швиц”, “Абердин-Ангус” жана “Голштино-Фриз” породасындагы асыл тукум букалардын уруктарын акысыз алып, жасалма уруктандыруу аркылуу алынган алгачкы төлдөрдү көрө башташты.