Эми "Түндүк" тиркемесинде жашаган жери боюнча онлайн катталса болот

Коом Загрузка... 10 Март 2025 10:24
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу жашаган жери боюнча онлайн катталса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, тиркемеде жашаган жерин каттатууну онлайн кылган жаңы сервис ишке киргизилди. Арызды критерийге кирген кыймылсыз мүлктүн ээлери гана бере алат. Буга аларга катталган турак жайлар жана батирлер кирет.