Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Эми Бишкек - Каракол аба каттамы жумасына төрт жолу аткарылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.
Авиа билеттерди asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.
Эске салсак, 2024-жылдын 11-декабрында Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылган. "Каракол" эл аралык аэропорту бир саатта 250 жүргүнчүнү тейлей алат.