Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешме өткөрдү.
Президент жыйында белгилегендей, мындан ары облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоодо түздөн-түз аралашат. Башкача айтканда, мындай дайындоолор алардын макулдугу менен ишке ашат.
"Ошондой эле негиздүү сунуш берилген учурларда облус жетекчиси, район акими облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан бошотууга макулдук берет. Мындай укук республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерине да берилет", - деди президент.