Эмгек министрлигинде мамтилди кесиптик чөйрөдө колдонууну кеңейтүү талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 27 Март 2025 09:00
486338708_1094764512693221_6453567559680249786_n.jpg
486086816_1094764456026560_8043707771371760693_n.jpg
486175001_1094764556026550_3127703564101432215_n.jpg
486375027_1094764412693231_65223070046377174_n.jpg
486592499_1094764732693199_3968123517609910675_n.jpg
486798529_1094764646026541_4626249540938283719_n.jpg
Алдыга
Артка
486338708_1094764512693221_6453567559680249786_n.jpg
486086816_1094764456026560_8043707771371760693_n.jpg
486175001_1094764556026550_3127703564101432215_n.jpg
486375027_1094764412693231_65223070046377174_n.jpg
486592499_1094764732693199_3968123517609910675_n.jpg
486798529_1094764646026541_4626249540938283719_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде мамлекеттик тилди кесиптик чөйрөдө колдонууну кеңейтүү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ага Жогорку Кеңештин депутаты Г.Кожокулова баштаган мамлекеттик тил боюнча жумушчу топ катышты.

Анын жүрүшүндө министрликтин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Эмгек министри Равшанбек Сабиров жолугушуунун катышуучуларын министрликте бардык документ жүгүртүү толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлөрүн маалымдады. Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери кесиптик ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди колдонуу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүү максатында үзгүлтүксүз квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Бул курстар президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен түзүлгөн меморандумдун алкагында өткөрүлөт.

Равшанбек Сабиров "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын нормаларынын так сакталышына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле министрлик мамлекеттик тилдин конституциялык макамын чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барып жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик тилди расмий документтерде колдонуу үчүн терминдерди, стандарттарды жана котормолорду камтыган ведомстволук терминологиялык сөздүк иштеп чыгуу сунушталды. Бул сөздүк документ жүгүртүүнүн сапатын жогорулатууга жана жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө маанилүү инструмент болуп кызмат кылат.