12 жылдык билим берүүнүн алкагында кыргыз тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү

Билим Загрузка... 22 Сентябрь 2025 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.25 /Кабар/. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасынын киргизилиши билим берүүнүн мазмунун жаңылоону, окутуу формалары менен ыкмаларын заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүнү шарттоодо. Мамлекеттик тил - кыргыз тилин окутуу бул билим берүү жаатындагы реформанын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Тил - билимдин, маданияттын жана улуттук өзүн-өзү таануунун башкы булагы.

Быйылкы 2025-2026-окуу жылында Кыргыз тили жана окуу, кыргыз тили, кыргыз адабияты предметтерин окутуу мурдагы жылдарга караганда бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Айгүл Батыркулова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын билим берүү системасында жүрүп жаткан 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында, 2025–2026-окуу жылынан баштап 1-, 2-, 5-, жана 7-класстардын окуучулары жаңы түзүлгөн предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык билим алууга өтүштү.

1022507307.jpg

“Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде башталгыч класстарда Кыргыз тили жана Адабий окуу предметтери деп аталып келсе, бул жылдан баштап, Адабий окуу предмети окуу предмети деп аталды. Муну менен, окуу предметинин мазмуну, окуу ишмердигинин мүмкүнчүлүгү кеңейет. 1-класста окуучулар “Алиппеге даярдык” иш дептери, октябрь айынан баштап “Наристе-Алиппе”, “Жазуу жана боёо дептери”, 4-чейректин аягында ”Кыргыз тили” окуу китеби колдонулат. 12 жылдык билим берүүдө 2-класста 1-чейректе (окуучулар өздөштүрүп жетише алышпаса мүмкүн 2-чейректе) адаптациялоо шарты уюштурулуп “Алиппе” китеби окулат. 2-жарым жылдыкта Кыргыз тили жана окуу предметтери окутулат”,- деди Батыркулова.

1725249126.436605783.jpeg

Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлү белгилегендей, Кыргыз тилин окутууда программанын жаңылыгы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Тил - маданият,
  • Кептен грамматикага,
  • Деңгээлдик окутуу технологияларынын көрсөтүлүшү.

12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектептерде Кыргыз тили жана адабий окуу сабактарынын жумасына окутуу сааттары боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башчысы төмөнкүдөй маалымат берди.

“Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-2-класстары үчүн базистик окуу планында кыргыз тили жана окуу предмети 1-класстарда жумасына 4 сааттык, 2-класстарда жумасына 5 сааттык окуу жүктөмү менен окутулат. Ал эми 1-классты аяктаган 2-3-4-класстарда Кыргыз тили жумасына 3 сааттык, адабий окуу жумасына 3 сааттык окуу жүктөмү менен 11 жылдык билим берүүнүн окуу программалары менен билим алууну уланта беришет. Орус мектептерде кыргыз тили жана окуу предметин окутуу 1-2-класстарда жумасына 2 сааттык окуу жүктөмү менен, өзбек, тажик тилдүү мектептерде Кыргыз тили жана окуу жумасына 3 сааттык окуу жүктөмү 12 жылдык билим берүүнүн окуу программалары менен жургүзүлөт. Ал эми 1- классты аяктаган 2-3-4-класстарда кыргыз тили 3 сааттык окуу жүктөмү менен 11 жылдык билим берүүнүн окуу программасы менен жүргүзүлөт”,- деди ал.

Белгилей кетсек, окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 1-4-класстарында Кыргыз тили жана окуу интеграцияланган предмет болуп эсептелет. 1-4-класттарда Кыргыз тили жана окуу, 5-6 жана 7-9-класстарда Кыргыз тили окуу программасы кыргыз тилин экинчи тил катары деңгээлдер боюнча окутуу функционалдык-коммуникативдик мамиледе жүргүзүүнү көздөйт.

694e08a0-f403-4f2a-8587-ebd1289ea491.jpg

“Тил билүү деңгээлдери мурунку окуу программаларына караганда, ачык, так, конкреттүү көрсөтүлдү. А1 (1-4-кл.), А2 (5-9-кл.), В1 (10-11-кл.) тил билүү деңгээлдери жалпыланып берилип жүргөн болсо, мында 1-класс А0-старттык деңгээлден башталат, А1 (элементардык) деңгээли 2-класстан 4-класска чейин А1.1, А1.2., А1.3., 5-9-класстарда А2 (базалык) деңгээли да А2.1., А2.2., А2.3 деңгээлдерге бөлүнүп, угуу, сүйлөө, жазуу, окуу, грамматика, лексика боюнча мүнөздөмөлөрү, лексикалык минимуму так көрсөтүлдү.

12 жылдык билим берүүгө өткөн 5-класстар интеграцияланган окуу программалары менен окушат. Интеграцияланган программанын өзгөчөлүгү 5- жана 6-класстардын эски окуу программасы менен жаңы окуу программасынын тиешелүү окуу материалдарынын интеграцияланышында. Анткени, алар кийинки окуу жылында 7-класска секирик жасоо менен жаңы программада билим алууну улантышат. 7-класстын окуу программаларында предметтик мазмун боюнча олуттуу мазмундук өзгөрүүлөр жок, бирок программанын түзүмүндө, окутуунун максаттарында жана күтүлүүчү натыйжаларында заманбап билим берүү талаптарына шайкеш келтирилген жаңылануулар жүргүзүлгөн. Бул өзгөртүүлөр окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган”,- деди Батыркулова.

WhatsApp Image 2025-09-22 at 18.25.47.jpeg

Ал эми "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Ишеналиева келечекте Агартуу министрлигинин тапшырмасына ылайык, бала бакчадагы балдар жана 1-класстан 12-класска чейинки окуучулар үчүн Кыргыз тили предмети боюнча окуу-методикалык комплекс басылып чыгаарын “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Негизи китеп басып чыгаруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Мисалы, 2026-2027- окуу жылына окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн билим берүү уюмдары үчүн 1-класстан 7-класска чейин Кыргыз тили предмети боюнча заманбап окуу-методикалык комплексти басмага даярдоо, ал эми 8-12 класстар үчүн китептер 2027-2028-окуу жылына карата толук иштеп чыгуу, басмадан чыгаруу мерчемделүүдө. Учурда буга чейин окутуу көйгөйлүү болуп келген Кыргыз тилин оңой, жеңил, заманбап түрдө иштеп чыгуу үчүн концепциясы, талаптары иштелип чыгууда. Демек, 2-3 жыл аралыгында Кыргыз тили жана адабияты боюнча толук китептери басылып чыгат. Быйылкы окуу жылына 1-класстар үчүн "Наристе-Алиппе" окуу китебинин комплекси да басылып чыгып, окуучуларга таратылат”,- деди Ишеналиева.

Белгилүү болгондой, эне тилибиз болгон Кыргыз тили сабактарын бала бакчадан тартып окутуу, окуучулардын тилди күнүмдүк турмушта, билим берүү процессинде жана кесиптик чөйрөдө эркин, туура сүйлөөсүн камсыз кылат.