Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Кыргыз тилине болгон мамиле өзгөрүп, аны билүү деңгээлин тастыктоого умтулгандардын саны өстү. Бул тууралуу "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, тестирлөө башталган 2018-жылы 19 миң 519 адам тест тапшырса, кийинки жылы бул көрсөткүч 18 миң 354тү түзгөн. Пандемия учурунда тест тапшыруучулардын саны 5 миңге чейин азайып, андан кийин акырындап көбөйгөн. Былтыр 20 миң адам тесттен өткөн. Ал эми быйылкы жылдын 10 айында эле 37 миң 500 адам тест тапшырган.
"Бул жакшы көрүнүш. Тилге болгон мамиле такыр өзгөрдү", - деди Батма Топоева-Ставинская.