Кыргыз тилден тест тапшыргандар көбөйдү: Кимдер жана эмне үчүн тапшырат?

Коом
Кыргыз тилден тест тапшыргандар көбөйдү: Кимдер жана эмне үчүн тапшырат?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Быйыл 10 айда "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинде 37 миң 500 адам тест тапшырды. Тестирлөөгө суроо-талаптын өсүшү мамлекеттик тилди билүү деңгээлине коюлган талаптардын күчөшү менен байланыштуу. Бул тууралуу мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, тестирлөө башталган 2018-жылы 19 миң 519 адам тест тапшырган. Экинчи жылы бул көрсөткүч 18 миң 354 адамды түзгөн. Пандемия учурунда тест тапшыруучулардын саны 5 миңге чейин азайган.

"Кийинки жылдары көрсөткүч акырындап өсүп, 6 миңден 8 миңге чейин жеткен. Былтыр жыл ичинде 20 миң адам тест тапшырса, быйыл 10 айда эле 37 миң 500 адам тестирлөөдөн өткөн", - деди ал.

Батма Топоева-Ставинскаянын белгилешинче, тест тапшырууга болгон суроо-талап министрлер кабинетинин 2025-жылы кабыл алынган токтомунан кийин кыйла күчөгөн. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди кеминде В1 деңгээлинде билиши керек.

Директордун айтымында, учурда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган документ жумушка орношууда жана иштеп жаткан кызматкерлер үчүн талап кылынууда.

"Тест тапшырууга, башкача айтканда өзүнүн тилди билүү деңгээлин тастыктаган документ алууга умтулгандар көбөйдү. Кээде баарына жетишпей да жатабыз. Бирок бул жакшы көрүнүш. Кыргыз тилине болгон мамиле такыр өзгөрдү", — деди ал.