Илимий кызматкерлер кыргыз тилинде эмгек жазууну үйрөнүшөт

Коом
Илимий кызматкерлер кыргыз тилинде эмгек жазууну үйрөнүшөт
Илимий кызматкерлер кыргыз тилинде эмгек жазууну үйрөнүшөт
Алдыга
Артка
Илимий кызматкерлер кыргыз тилинде эмгек жазууну үйрөнүшөт
Илимий кызматкерлер кыргыз тилинде эмгек жазууну үйрөнүшөт
Алдыга
Артка
copyright icon Илимдер академиясы

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Илимий кызматкерлердин кыргыз тилинде сапаттуу эмгек жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган окуу курсу башталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу программасы кыргыз тилин илимдин тили катары өнүктүрүүгө, илимий жана иштиктүү стилдердин нормаларын өркүндөтүүгө, академиялык жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга жана илимий эмгектерди мамлекеттик тилде сапаттуу даярдоого багытталган.

Курска илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери катышууда. Окуу күн мурун башталып, 11-декабрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, бул демилге 2026–2028-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.