Илимий кызматкерлерге төлөнүүчү үстөк акы 2 эсеге көбөйүшү мүмкүн

Коом
Илимий кызматкерлерге төлөнүүчү үстөк акы 2 эсеге көбөйүшү мүмкүн
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги илимий даража үчүн эмгек акыга кошумча төлөнүүчү ай сайынкы үстөк акыны эки эсеге көбөйтүүнү караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор кабыл алынса, илимдин докторлору үчүн үстөк акы 2 700 сомдон 5 400 сомго, ал эми илимдин кандидаттары, PhD жана тармак боюнча докторлор үчүн 1 350 сомдон 2 700 сомго чейин көбөйөт.

Белгиленгендей, учурда үстөк акылар министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 токтомуна ылайык төлөнөт.

Министрлик бул демилге илимий кызматкерлердин жана окутуучулардын изилдөө иштерине кызыгуусун арттырууга, илимий кадрларды даярдоого жана өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Токтомдун долбоору белгиленген тартипте каралат. Үстөк акылардын жаңы өлчөмдөрү тиешелүү чечим кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин колдонулат.