Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына арналган "Улут тиреги – тил" аттуу иш-чара өттү.
Маданият, маалымат жана жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун демилгеси менен кыргыз тил илиминин көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган "Кыргыз тилчилери: кечээ, бүгүн, эртең…" аттуу туруктуу экспозиция ачылды.
Экспозицияда К.Карасаев, Ж.Абдурахманов, К.Тыныстанов жана И.Арабаевдин илимий мурастары, ошондой эле кыргыз тил илиминин азыркы абалы тууралуу маалыматтар камтылган.
Иш-чарада мамлекеттик тилди билим берүү, медицина жана техникалык тармактарда кеңири колдонуу, терминологиялык базаны өнүктүрүү жана кыргыз тилинин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында окумуштуу-тилчи Касым Тыныстановдун "Менин басып өткөн жолум" аттуу чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду.