Мамлекеттик тилди колдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 15 Октябрь 2025 16:40
564601654_1130842052560935_2186753946359679807_n.jpg
564604449_1130842009227606_798720974241824891_n.jpg
565112143_1130842065894267_3456165750875121067_n.jpg
565319215_1130841975894276_4500046044292438981_n.jpg
Алдыга
Артка
564601654_1130842052560935_2186753946359679807_n.jpg
564604449_1130842009227606_798720974241824891_n.jpg
565112143_1130842065894267_3456165750875121067_n.jpg
565319215_1130841975894276_4500046044292438981_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. “Кыргыз тилинин улуттук корпусу” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз тилинин улуттук корпусу” – бул кыргыз тилиндеги тексттерди системалаштыруучу, издөө, талдоо жана лингвистикалык изилдөөлөр үчүн ачык платформа болуп саналат.

“Бул долбоор мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана заманбап технологияларга интеграциялоо багытында маанилүү кадам болуп эсептелет. Учурда корпус платформасынын техникалык жана илимий бөлүктөрү боюнча практикалык иштер расмий түрдө башталды. Жол картасы бекитилип, аткаруучу тараптардын милдеттери так аныкталган”,- деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өткөн бул иш-чарада Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев долбоордун азыркы абалы жана алдыда аткарыла турган иштери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө долбоордун мааниси, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон салымы, маалыматтык технологиялар аркылуу мамлекеттик тилди колдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.