Эмгек министрлиги 600дөн ашуун ишкерди Эмгек кодексинин жаңы ченемдерине үйрөттү

Коом 27 март 2025 17:40
486968438_1095419675961038_2761520957644934335_n.jpg
486775516_1095420589294280_683953720112321827_n.jpg
486986179_1095421012627571_4277002221267158557_n.jpg
487072659_1095419619294377_4921515004255851412_n.jpg
487176189_1095419749294364_2375282648838940984_n.jpg
487325565_1095419855961020_4502596029879205936_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.03.25. /Кабар 25-26-март күндөрү Жалал-Абад жана Ош облустарында 600дөн ашуун ишкерлерге Эмгек кодексинин жаңы ченемдери тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жолугушуулар "Бизнести агартуу кербени" маалыматтык кампаниясынын алкагында ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш менен биргеликте уюштурулду.

Кампаниянын максаты быйыл жаңыдан күчүнө кирген КР Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу эмгек мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү болду.

Иш-чараларга өлкөнүн түштүк региондорунда иштеген 600гө жакын ишкерлер, чакан жана орто ишканалардын ээлери катышты.

Семинардын катышуучуларына жаңы Эмгек кодексинин негизги жоболору, анын ичинде эмгек келишимдерин түзүүнүн жаңы эрежелери, жумуш берүүчүлөрдүн майыптыгы бар адамдар жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча милдеттенмелери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле эмгекти коргоо шарттарын жакшыртууга жана эмгектин ийкемдүү формаларында жумушчулардын укуктарына көңүл бурулду.

Эмгек министрлиги "Бизнести агартуу кербени" маалыматтык кампаниясынын алкагында аймактардагы ишкерлерди эмгек мыйзамдарына киргизилген нормалар боюнча маалыматтык колдоо жана окутуу боюнча ишин улантат.