Эмгек министри Улуу Жеңиш күнүн утурлай ардагерлерди куттуктады

Коом 1793 07 Май 2025 13:53
493965760_1128985622604443_7774560044842628254_n.jpg
495606978_1128985672604438_7094512131691034072_n.jpg
496112871_1128985685937770_3269953124424569004_n.jpg
492729148_1128985695937769_6153370538135580785_n.jpg
494305321_1128985635937775_1709075557079836945_n.jpg
494040277_1128985732604432_3539146428628388436_n.jpg
495185200_1128985719271100_1460098792644122015_n.jpg
493543858_1128985795937759_7485250701181483852_n.jpg
Алдыга
Артка
493965760_1128985622604443_7774560044842628254_n.jpg
495606978_1128985672604438_7094512131691034072_n.jpg
496112871_1128985685937770_3269953124424569004_n.jpg
492729148_1128985695937769_6153370538135580785_n.jpg
494305321_1128985635937775_1709075557079836945_n.jpg
494040277_1128985732604432_3539146428628388436_n.jpg
495185200_1128985719271100_1460098792644122015_n.jpg
493543858_1128985795937759_7485250701181483852_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 07.05.25./Кабар/. Бүгүн Улуу Жеңиш күнүнүн алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана Ленинград блокадасынын тургунун куттукташты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

АЛар алгас Бишкекте жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевге барды. Аспек Жумашев 1924-жылдын 17-сентябрында туулган жана 1942-жылдын сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кызыл-Берлик айылынан фронтко чакырылган. Ал ИИМ, НКВД жана чек ара аскерлеринде кызмат өтөгөн. Аскердик кызматын 1949-жылы аяктаган. Эрдиги жана кайраттуулугу үчүн "II даражадагы Ата Мекендик согуш" ордени жана "Жоокердик кызматтары үчүн" медалы менен сыйланган.

Согуштан кийин Аспек Жумашевич айыл чарба тармагында ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал 8 баланын, 21 неберенин жана 25 чөбөрөнүн атасы.

Ошондой эле министр блокадада калган Ленинград шаарынын тургуну Валентина Александровна Бережневага барды. Ал 1937-жылдын 28-ноябрында Ленинград шаарында төрөлгөн жана 1943-жылы Башкыр АССРине эвакуацияланган. 1957-жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Валентина Александровна 30 жылдан ашуун убакыт бою борбор калаада курулуш жана чарба тармагында эмгектенип, « Ленинград блокадасынын тургуну» төш белгиси жана «Эмгек ветераны» медалы менен сыйланган.

Жеңиштин 80 жылдыгына карата ардагерлерге бир жолку акчалай жардам көрсөтүлдү. КР президенти тарабынан 100 миң сом, Эмгек министрлиги тарабынан 20 миң сом жана республикалык бюджеттен 20 400 сом.

Министр Равшанбек Сабиров ардагерлерге майрамдык белектерди тапшырып, аларга согуш жылдарындагы эрдиктери жана тынчтык мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

"Алардын жалпы Жеңишке кошкон салымы ар дайым  муундардын эсинде сакталат. Алар — согуштун оор сыноосун ар-намыс менен өтүп, тынч заманда өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошкондор. Биз алардын эрдигине жана  баатырдыгына терең урмат жана ыраазычылык билдиребиз", — деди министр.