1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке салым кошкон кыргызстандык жүздөгөн баатырлар эч кимдикине окшобогон эрдиктерди жасашкан. Алар согуш талаасында ажалдан тайманбай, баскынчылардын мизин майтарып, кырчын курактарында өмүрлөрү кыйылган. Баатыр аталардын эрдигин кайрадан эске салуу ниетинде айрымдарынын жасаган кадамдарына токтоло кетүүнү эп көрдүк.
Жумаш Асаналиев – 1923-жылы 10-майда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Отуз-Уул айылында жарыкка келген. 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылат. Жумаш Курскинин алдындагы салгылашка катышып, 6-Армиядагы 67-аткычтар дивизиясында кызмат өтөйт. Согушта ал ефрейтор даражасына жетип, пулемётчулук милдетти өтөгөн. 1944-жылдын 24-июнунда Беларусиянын Витебск областындагы Бешенковичски районундагы Батыш Двина дайрасын кечип өтөт. Кармаш учурунда командири катуу жарадар болгондуктан, анын милдетин өз мойнуна алат. Жумаш Асаналиев айыгышкан салгылашта душмандардын соккусуна каршы туруштук берип, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн.
Душман минасынын жарылуусунан анын жолдоштору башаламандыкка учурап, ал өзү майдан талаасында жалгыз калганына карабастан согуша берген. Бет маңдайда келе жаткан фашисттик аскерлерге мээлеп, пулемёту менен 20сын сулата атат. Качан гана душмандар санынын көптүгүнө салып ага жакындаганда багынып берүүнү каалабастан колундагы гранатаны алып өзүн жардырып, айланасына жакындап келишкен фашисттердин баарын жок кылып курман болгон.
1944-жылдын 22-июлунда ефрейтор Жумаш Асаналиевге согушта көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.