Эрдиги элдин эсинде... Акын Садырбаев

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 08 Май 2025 13:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Улуу Жеңишке салым кошкон кыргызстандык жүздөгөн баатырлар эч кимдикине окшобогон эрдиктерди жасашкан. Алар согуш талаасында ажалдан тайманбай, баскынчылардын мизин майтарып, кырчын курактарында өмүрлөрү кыйылган. Баатыр аталардын эрдигин кайрадан эске салуу ниетинде айрымдарынын жасаган кадамдарына токтоло кетүүнү эп көрдүк.

Адардын бири Акын Садырбаев 1914-жылы Жумгал районундагы Эпкин айылында жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң 1940-жылы Кызыл Армиянын катарына аскердик милдетти өтөгөнү жөнөйт. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Садырбаев Кавказ жергесинде душмандар менен салгылашка түшөт.

Улуу Ата Мекендик согушта эч кимдикине окшобогон өзгөчөлүктү көрсөткөн шамдагай жоокер, нагыз баатыр Акын Садырбаев душман дзотун жок кылуу максатында жанына эки жолдошун ээрчитип окоп ичине кирет. Амбразурага 7 метр жетпей катуу кармаш башталат.

Душмандардын тынымсыз ок атуулары менен кошо Акын Садырбаевдер турган тарапка гранаталар да ыргытыла баштайт. Фашисттер Акын турган жерге 16 граната ыргытышкан. 16 гранатаны тең Акын өзгөчө шамдагайлыгы жана эр жүрөктүүлүгү менен абада тосуп алып, кайра өзүлөрүнө ыргытууга жетишкен. Тилекке каршы, 17чи гранатаны тосуп алганы менен Акындын колунда жарылып, баатырларча курман болот. Акын өлгөн соң анын эрдигине шерденишкен эки жолдошу 1 сутка бою душмандар менен салгылаша беришкен.

1942-жылы Акын Садырбаевге согушта баатырларча курман болгондугу үчүн "Кызыл Жылдыз" ордени ыйгарылган.