9-май! Азаптан, кайгы-муңдан, ааламды каптаса сел болуп аккан көз жаштан жана кубанычтан куралган ыйык күн. Жер үстүнө үстөмдүгүн орнотом деп демиккен фашисттик бийликти кулаткан Улуу Майрам!
Улуу Ата Мекендик согуштун аякташынын урматына “Жеңишке жеттик! – деп сүйүнүчкө толкуган советтик өлкө 1945-жылдын 24-июнунда Жеңиш Парадын Москвада Кызыл Аянтка өткөрүүнү туура көрдү. Жеңиш парадын өткөрүү тууралуу 1945-жылдын 15-майы күнү Сталин чечим чыгарды. Генералдык штабдын орун басары Штеменко кийинчерээк парад тууралуу: «Жогорку кол башчы бизге гитлердик Германияны жеңгендигибиздин урматына деп аянтта парад өткөрүү тууралуу сунуш киргизип калды. Анан жолдош Сталин бизге карап: «Бул өзгөчө парад болуусу керек. Ага бардык фронттордо катышкан аскерлерибиз кошо аралашканы оң!” – деди.
24-май күнү Сталинге Генералдык штаб Жеңиш Парадынын жүрүшү тууралуу сунуш киргизди. Ага даярдык көрүү үчүн эки ай убакыт берилди. Парадда ар бир полкто 1059 адам. Ага кошумча күч катары дагы он адам запаста турушу кажет эле. Жалпы жолунан парадга 40 000 аскер катышмакчы болду. Ар бир ротада 100 адамдан турган беш батальон, полктун командири, полктун штаб башчысы, батальондун командирлери, ротанын командирлери жана 4 ассистент офицерлер катышмакчы болду. Артиллеристтер, танкисттер, учкучтар, сапёрлер, байланыш түйүндөрүн башкаргандар, кавалеристтер... бардыгы тыкыр даярдыкта болууга кам урду.
Катардагы солдаттар, сержанттар, офицерлер тынымсыз машыга баштады. Согушта өзгөчөлүк көрсөткөн, баатырдыкка барып мекенди коргошкон эр жүрөк солдаттар, офицерлер төштөрүнө орден-медалдарды тагынып аянттан өтүүгө тийиш эле.
Параддык кийимдер Москвада даярдалды. Аскер-деңиз флотунан он фронт катышты. Ага жоокерлерден тышкары курстанттар да кошо аралашты. Параддагы дагы бир өзгөчөлүк, аскерлердин бойлору 176 см, жаштары 30дан өйдө болбоого тийиш болчу.
Аскердик парадга полкту башкарууга төмөнкүлөр бекитилди:
— Карелия фронтун — генерал-майор Григорий Евстафьевич Калиновский,
— Ленинград фронтун — генерал-майор Андрей Трофимович Ступченко,
— 1-Прибалтика фронтун жана 3-Белорус фронтун генерал-лейтенант Пётр Кириллович Кошевой,
— 2-Беларус фронтун генерал-лейтенант Константин Максимович Эрастов,
— 1-Беларус фронтун генерал-лейтенант Иван Павлович Рослый,
— 1-Украин фронтун генерал-майор Глеб Владимирович Бакланов,
— 4-Украин фронтун генерал-лейтенант Андрей Леонтьевич Бондарев,
— 2-Украин гвардиясынын генерал-лейтенанты Иван Михайлович Афонин,
—3-Украин фронтун гвардиянын генерал-лейтенанты Николай Иванович Бирюковго милдеттендирилди.
Булардын бардыгы корпустун командирлери болушкан. Ал эми Аскер-деңиз флотун вице-адмирал Владимир Георгиевич Фадеев башкарууга алды. Кыска аралыкта катуу даярдыктар жүрүп, таңдан-кечке машыгышты.
Ошентип эл көптөн күткөн кубанычтуу Жеңиш парады өтө турган 24-июнь күнү да жетип келди.
Асман күңүрт тартып, алгач бир аз жамгыр себеледи. Саат 09.45те Сталин баш болгон Политбюро мүчөлөрү мавзолейге келишти. Парадды баштан-аяк көзөмөлгө алып башкара турган командачы Рокоссовский.
Туптуура 10.00дө саат коңгуроосу жаңырганда маршал Георгий Жуков Константин Рокоссовскийге бет маңдай каршы чыгуу үчүн ак боз ат менен бастырып келди. Кийинчерээк өзүнүн эскерүү китебинде маршал Жуков:
– Саат онго үч мүнөт калганда мен ат үстүндө отургам. Команда жаңырып, "Парад, смирно!» деген үндү уктум. Саат он болду. Коңгуроо он ирет жаңырды. Глинканын музыкасынын коштоосунда аянтка батпаган элдин дүркүрөгөн кол чабуулары кулакка жаңырып атты. Анан аз өтпөй айлана тымтырс боло түштү. Маршал Рокоссовскийдин үнү жаңырды", – деп эскерген.
Саат 10.05те Кызыл Армиянын куралдуу күчтөрүнүн коштоосунда маршал Жуков аянттагы 40 000 аскерге “Кумир” деп аталган ак боз аты менен чыгып учурашуусу менен башталган. 1 400 аскер музыканттары аянтты шаңга бөлөшкөн. Оркестрди генерал-майор Семён Александрович Чернецкий башкарган.
Айланада аскерлердин ураалаган үндөрү кулакты жарды. Көрүп турган эл асмандан жааган жамгырга, Жеңиш чындап келгенине, параддын шаңына, эми тынчтык заманда жашайбыз деп уйгу-туйгу болуп көздөрүнө жаш алгандары да болду. Андан соң Жеңиштин урматына өткөрүлгөн параддык жүрүш башталып, Кызыл Армия аянттан өтө баштаган.
Фашисттик белгилери бар тууларды Кызыл Армиянын жоокерлери колдоруна кол кап кийип, таш боордукту, мерездикти жок кылуу ниетинде төмөн көздөй ташташты. Душмандын штандарттары жерге ташталган соң өзгөчө багыттагы “СМЕРШ” тобу келип жыйнап кеткен.
Парад туптуура 2 саатка созулган. Параддын жыйынтыктоочу бөлүгүндө оркестр Семён Чернецкийдин “Мекенге Даңк!” деген маршы менен жыйынтыкталган. Ал эми кечкисин саат 23.00дө 20 000 ракета асманга учуп, салюттар байма-бай атылган.