Ленинград блокадачысы Галина Тольская дүйнөдөн кайтты

Коом
Ленинград блокадачысы Галина Тольская дүйнөдөн кайтты
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкекте Ленинград блокадасынын тургуну Галина Ивановна Тольская 98 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Галина Тольская 1929-жылдын 1-сентябрында Ленинград шаарында төрөлгөн. Балалык кези Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, 1942-жылы блокада учурунда шаардан эвакуацияланган.

Согуштан кийин эмгек жолун улантып, 1947-жылы Ташкент шаарындагы Сталин атындагы текстиль комбинатында эсепчи болуп иштеген. 1960-жылы Фрунзе шаарына көчүп келип, пластмасса буюмдарын чыгаруучу заводдо бухгалтер болуп эмгектенген.

Согуш жылдарындагы оор сыноолорду башынан өткөргөнү үчүн ага "Блокададагы Ленинграддын тургуну" төш белгиси ыйгарылган.