Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Баткен облусунда учурда ооруктун 40 ардагери бар. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов Улуу Жеңиш майрамын утурлай, ооруктун ардагерлерин куттуктап, алардын ал-акыбалынан кабар алды. Ошондой эле белектерин тапшырды.
Ардагерлердин бардыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда үзүрлүү эмгектенип, жеңишке өз салымдарын кошушкан. Согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине да активдүү катышып, ар түрдүү тармактарда ак ниет эмгек өтөп, ардактуу эс алууга чыгышкан.
Мамыржан Рахимов ардагерлер менен баарлашуу учурунда алардын Улуу Жеңишке кошкон салымы өчпөс тарых экенин белгилеп, мамлекет тарабынан улуу муундун эмгеги ар дайым жогору бааланарын айтты.
Улуу Жеңиш күнүнө карата облус аймагындагы бардык эмгек ардагерлерине белектер жеткирилүүдө.