Билим берүү министри Жеңиш күнүн утурлай ардагерлерден кабар алды

Коом 1198 29 Апрель 2025 18:03
493940365_1113715777468832_987440485651700344_n.jpg
492801747_1113715810802162_7903173960478357828_n.jpg
493028077_1113715944135482_6130832440781267816_n.jpg
493827516_1113715794135497_8788447923753302710_n.jpg
494371615_1113715940802149_3987418125107019199_n.jpg
494694686_1113715967468813_3670901699485512947_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Ата Мекендик согуш маалында оорукта иштеген эмгек ардагерлери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, ардагерлер Бурул Дүйшалиева жана Жамал Акунова билим берүү тармагында эмгектенип, өз эмгек жолдорун Билим берүү министрлигинде жыйынтыкташкан.

Догдуркүл Кендирбаева ардагерлерди министрликтин атынан куттуктап, аларга атайын белектерди тапшырды.

Ардагерлер өткөн күндөрдү эскерип, азыркы учурдагы алектенип жаткан иштерин бөлүшүштү.

Министр билим берүү жаатындагы жаңылыктар менен тааныштырып, кеңири маек курду.

Ардагерлер Билим берүү министрлигинин жалпы жааматына ийгилик каалап, батасын беришти.