Ташкент, 02.05.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда II дүйнөлүк согуштун 82 ардагери жана аларга теңдеш адамдар жашап келет. Ардагерлердин эң улуусу 114 жашта. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
9-майда Ташкент шаарында Эскерүү жана урмат көрсөтүү күнүнө, ошондой эле фашизмге каршы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган 5 чакырымдык массалык жарыш өтөт. Ал «Жаңы муунга эскерүү каты» ураанынын алдында уюштурулуп, ага 2000ден ашуун адам катышары күтүлүүдө.
Уюштуруучулардын айтымында, бул жарыш согуш ардагерлеринин эрдигине, кайратмандыгына жана мекенди коргоодогу өз жанын аябаган тайманбас аракетине болгон терең сый-урматтын белгиси болот. «Ар бир катышуучу фронттон кабар алып келаткан эскерүүнүн элчиси сымал болот», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ошол эле күнү кечинде, саат 21:00дө, борбордогу «Янги Ўзбекистон» паркында Эскерүү күнүнө арналган салтанаттуу салют көрсөтүлөт. Бул иш-чараны Коргоо министрлиги менен Ташкент шаарынын администрациясы биргелешип уюштурууда.
Мындан сырткары, Өзбекстандын президентинин тапшырмасына ылайык, ар бир согуш ардагери менен согуштан майып болгон жаранга 10 миң АКШ долларынан сый акы берилет.
Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Өзбекстан Советтик Союздун негизги тылдык борборлорунун бири болгон. Бул мезгилде өлкөдө 280 жаңы ишкана курулуп, аскердик өндүрүш ишке киргизилген. Республика 1,5 миллиондон ашуун эвакуацияланган адамды, анын ичинде 250 миңдей жетим баланы кабыл алган.
Расмий маалыматтар боюнча, 6,5 млн калк жашаган Өзбекстандан фронтко 1 млн 951 миңден ашуун адам жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 538 миңден ашыгы согуш талаасында курман болгон.
Эске салсак, 1999-жылдан тарта Өзбекстанда 9-май “Эскерүү жана урматтоо күнү” катары белгиленип келет.