Ош шаарында майыптуулугу бар балдарга кресло-коляскалар тапшырылды

Коом 30 апрель 2025 09:00
494679670_1122774526558886_4276754650056066822_n.jpg
494116280_1122769086559430_5996420335490824092_n.jpg
494429286_1122769303226075_3024989047799373373_n.jpg
494429411_1122768689892803_8056893090059800415_n.jpg
494480279_1122769199892752_1427082215020419141_n.jpg
494643147_1122774499892222_3086251278690956224_n.jpg
494643303_1122774459892226_8685746114721573577_n.jpg
494644140_1122768976559441_3480935857464441094_n.jpg
494676520_1122774603225545_1639406403526306982_n.jpg
494681260_1122769123226093_520397169601301391_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош шаарында болуп, майыптуулугу бар балдарга көп функционалдуу коляскаларды тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министрдин айтымында, республика боюнча жалпысынан 304 даана кресло-коляска сатылып алынган жана алар 3 жаштан 18 жашка чейинки каттоодо турган балдарга таратылмакчы.

2025-жылдын 25-апрелинен тартып кресло-коляскалар региондордогу башкармалыктарга жеткирилүүдө. Азыркы учурда 60 даана кресло-коляска аймактарга жөнөтүлдү.

Бул иш-чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо сапатын жогорулатууга, алардын кыймыл-аракетин камсыз кылууга жана оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.