Бишкекте майыптыгы бар балдарга көп функционалдуу коляскалар берилди

Коом 13 май 2025 21:00
494679670_1122774526558886_4276754650056066822_n.jpg
WhatsApp Image 2025-05-13 at 18.25.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-13 at 18.12.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-13 at 18.12.05.jpeg
Алдыга
Артка
494679670_1122774526558886_4276754650056066822_n.jpg
WhatsApp Image 2025-05-13 at 18.25.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-13 at 18.12.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-13 at 18.12.05.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте каттоодо турган майыптыгы бар 18 балага көп функционалдуу кресло-коляскалар берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Алуучулардын арасында 7 жаштагы И.А. жана 6 жаштагы С. А. бар, алар техникалык каражаттарынан тышкары Эмгек министрлиги аркылуу ай сайын 8 000 сом өлчөмүндө ар айлык социалдык жөлөкпул алышат. Алардын энелерине жеке ассистенттин кызматын көрсөткөндүгү үчүн 7 681 сом өлчөмүндө кызмат акы төлөнөт.

Мамлекеттик программанын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн 304 көп функционалдуу кресло-коляскалар сатылып алынган. Бүгүнкү күнгө 227 мындай коляска таркатылып берилди.

Аталган иш-чара министрликтин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү жана жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоо боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.