Эмгек министри Британиядагы сезондук жумуштарга тандоо иш-чарасына катышты

Коом 890 04 Март 2025 14:43
482245180_1075901291246210_2106733271274398854_n.jpg
481669658_1075901581246181_2157015195861364407_n.jpg
481675309_1075901314579541_1699211885906457552_n.jpg
481697224_1075901414579531_5272414491237744322_n (1).jpg
481910422_1075901277912878_8636184174747863207_n.jpg
482120736_1075901381246201_7326796301172906863_n.jpg
Алдыга
Артка
482245180_1075901291246210_2106733271274398854_n.jpg
481669658_1075901581246181_2157015195861364407_n.jpg
481675309_1075901314579541_1699211885906457552_n.jpg
481697224_1075901414579531_5272414491237744322_n (1).jpg
481910422_1075901277912878_8636184174747863207_n.jpg
482120736_1075901381246201_7326796301172906863_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшаг Сабиров Улуу Британиянын айыл чарба тармагындагы сезондук жумушка талапкерлерди тандоо иш-чарасына катышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чара Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Улуу Британия өкмөтү ыйгарым укук берген HOPS Labor Solutions Ltd жана Pro-Force операторлору тарабынан уюштурулган.

Борбордун расмий migrant.kg сайты аркылуу онлайн каттоодон өткөн жарандар бир нече тандоо баскычынан өтүүдө. Алардын арасында тестирлөө, маектешүү жана физикалык жөндөмүн текшерүү (skill test) сыяктуу этаптар бар. Бул процесстер талапкерлердин жумушчу катары квалификациясын жана даярдыгын текшерүүгө багытталган.

Министр Сабиров иш-чаранын жүрүшү менен таанышып, талапкерлерди тандоо процессине жана бул процесстин уюштурулушуна байкоо салды. Ал Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процедурасынын ачыктыгынын, коопсуздугунун жана натыйжалуулугунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле бул кызматташуу жарандарга жумуш орундарын гана камсыз кылбастан, эмгек миграциясы процессинде алардын укуктарын коргоого да жардам берерин белгиледи.

"Бүгүн биз КР жарандарын чет өлкөдө жумушка орношуу үчүн сапаттуу жана коопсуз шарттар менен камсыз кылуу канчалык маанилүү экенин көрүп турабыз. Биз эмгек миграциясынын шарттарын жакшыртуу, жарандарыбыздын укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди улантуудабыз. Бул жолдо бардык талапкерлерге ийгилик каалап, бул тандоо жумушка орношуу үчүн гана мүмкүнчүлүк эмес, ошондой эле карьералык өсүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү экенин баса белгилегим келет", - деди министр.

Тандоонун жыйынтыгы боюнча акыркы этаптан ийгиликтүү өткөн жарандар Улуу Британиянын айыл чарба секторунда 6 айга чейинки мөөнөткө расмий жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат.