Эмгек кодексинин жаңы талабы: 100дөн ашык кесиптин иш убактысы өзгөрөт

Министрлер кабинети Загрузка... 12 Январь 2026 15:35
full_size_159169824.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомдун максаты жана милдети КР Эмгек кодексине ылайык өзгөчө эмгек мүнөзүндөгү жумуштарда иштеген кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш убактысынын узактыгын, эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана эмгек жүктөмүнүн даражасын эске алуу менен укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу.

Документ КР Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык иштелип чыкты. Тизмеге ар кандай тармактагы жумушчулардын 100дөн ашуун категориясы киргизилген.

Токтомдун аткарылышы эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүүгө, эмгек нормалоонун жана эмгек процесстерин пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Кыскартылган жумуш күнү төмөнкүлөр үчүн белгиленди:

  • инфекциялык, кургак учук жана психиатриялык оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болгон медицина кызматкерлерине;
  • реабилитациялык борборлордун, физиокабинеттердин жана патологоанатомиялык кызматтардын кызматкерлерине;
  • тез жардам станцияларынын, кан борборлорунун жана лабораториялардын персоналына;
  • дарыканалардын, фармацевтикалык өндүрүштөрдүн жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөчү лабораториялардын кызматкерлерине;
  • соттук-медициналык экспертиза кызматынын эксперттерине;
  • радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштеген адистерге;
  • социалдык мекемелердин, үй-интернаттардын жана балдардын адистештирилген мекемелеринин кызматкерлерине;
  • лабораториялык-диагностикалык кызматтын жумушчуларына.

Өлүк материалдары, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жана радиация булактары менен иштеген айрым категориялар үчүн жумуш күнү 5 саат деп белгиленди.